Саммитке байланыштуу Бишкекте жолдор күн сайын жуулду

Саммитке байланыштуу Бишкекте жолдор күн сайын жуулду. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан маалымдашты.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорду жууп-тазалоо үчүн план боюнча аткарууда. Тактап айтканда күн алыстан түнкү саат 02:00дөн таңкы 06:00гө чейн жуулат. Бул убакытта жол бош, шаарда унаа кыймыл абдан аз болот. Ар бирине 8 тонна суу баткан 15 атайын техника дайыма график боюнча чыгат. Жалпысынан “Тазалык” муниципалдык ишканасында 29 атайын техника суу менен жолдорду, тратуарларды жана аянттарды жууп-тазалоого колдонулат.

Азыркы учурда Бишкек шаарында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин саммитин өткөрүүгө байланыштуу күн сайын жуулуп жатат.