Саммитке президенттер кандай учакта учуп келишти?

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев келди.

Министрлер кабинети ар бир келген президентти тосуп алуудан сүрөт жарыялап жатышты. Саммитке президенттер кандай учакта учуп келишкенин көрөбүз.

Азербайжан президентинин учагы — Boeing 777-200 Longer Range;
Орусия президентинин учагы — ИЛ-96-300ПУ;
Тажикстан президентинин учагы — Boeing 787-8;
Беларусь президентинин учагы — Boeing 737-800 Business Jet;
Казакстан президентинин учагы — Airbus 330-233;
Түркмөнстан президентинин учагы — Boeing 737-700 72K(WL) BBJ.

Ал эми бул Кыргызстандын «номер биринчи» борту. Ал 1993-жылы чыккан ТУ-154 үлгүсүндөгү учак.