Самсаны аралаган келемиш… Бишкектеги кафелердин бири жабылды

Соцтармакта Бишкектеги кафелердин биринде самсаны аралап жүргөн келемиш тартылган видео тараган.

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жогорудагы видео боюнча маалымат таратты.

«Рахат лукум» кафеси тамак-аштын үстүндө келемиш жүргөнү жана санитардык эрежелерди бузганы үчүн жабылды. «Коомдук саламаттыкты сактоо тууралуу» мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калктын тамак-ашы жана азык-түлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу. Мыйзам бузуу тууралуу маалымат тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет», — деп жазылат маалыматта.