1-февралдан тарта Санариптик өнүктүрүү министрлиги баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирип берет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.
«Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-февралдан тартып баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирип берүү кызматын ишке киргизди»,- деп жазды ал.