Санэпидем борбору: «Инфекция жемиштерди жуубай жегендиктен көбөйүүдө»

Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал мурдагы жылдарга окшош. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан журналисттерге билдиришти.

«Жемиштерди жуубай жегендиктен, инфекция көбөйүүдө. Гигиенаны эле сактоо керек. Негизи көпчүлүк Жугуштуу илдеттер ооруканасына чуркап барышат. Ошол үчүн кайрылгандар көп, жергиликтүү бейтапканага барса деле болот», — дешти адистер.

Буга чейин Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуп, ооруканага кайрылгандар көбөйгөнү маалымдалган болчу. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, күнүнө 160-170тей бейтап кайрылып келсе, учурда бул көрсөткүч 320 кишиге жетүүдө. Кайрылгандардын 80 пайызга чукулу балдар.

Күч алган оорулар: кызылча; суу чечек (ветрянка); энтеровирустук инфекциялар; курч ичеги инфекциялары.