Санкт-Петербургда кайрадан мигранттар мушташты. Арасында кыргызстандык да бар

Санкт-Петербургда мигранттардын кезектеги мушташы катталды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 22-августта болжол менен саат 20:43 чамасында полицияга Красносельский шосседе 25 жарандын катышуусунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде 22 жаштагы өзбекстандык жигит жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары, полицияга 14 жаран жеткирилген. Алардын арасында Өзбекстан, Тажикстан жана кыргызстандык жаран бар.

Алардын бешөө Орусияда жүрүү режимин бузгандыгы үчүн ар бирине 500 рублдан айып пул салынган, сегиз адам бошотулган, бирөө камакта калган. Акыркы бир айда эле Орусияда Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен жети жолу массалык мушташ болгон.