Санкт-Петербургда кыргыз жараны кош бойлуу аялын сабап, учурда анын абалы оор. Белгилүү болгондой, 35 жаштагы кыргыз жараны 29 жаштагы кош бойлуу келинчегин катуу сабап жаткан видео интернет желесине тараган. Буга байланыштуу акыйкатчы Токон Мамытов Орусиянын президентинин алдындагы балдар укугу боюнча ыйгарым өкүл Анна Кузнецовага кат жиберип, андан жабыркаган эне менен наристеге көз салып, өз көзөмөлүнө алууну өтүнгөн.
Айта кетсек, окуя болгон соң жабыркаган аял ооруканага жеткирилип, кесерово сечение жолу менен көз жарган. Учурда наристенин абалы канаатандырарлык. Ал эми жабыркаган аялдын абалы оор бойдон калууда.
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат
Бишкек шаарында бүгүн, 22-мартта күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк бөлүгү дагы пайдаланууга берилет. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы...









