Санкт-Петербургдан Ошко багыт алган учак Казань шаарында чукул түрдө конду

Бүгүн, 3-октябрга караган түнү Санкт-Петербургдан Ошко багыт алган «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Казань шаарында чукул түрдө конду. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышты.

Airbus A320 Пулково аэропортунан саат 00:05те асманга көтөрүлүп, көп өтпөй экипаж Казань шаарына конууну сураган. Маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, борт конууга аргасыз болгон. Татарстанда лайнер саат 02:40та конгон. Жүргүнчү ооруканага жеткирилген жана анын абалы тууралуу маалыматтар такталууда. Борт кайра саат 04:28де өз багыты боюнча Ошко учуп кеткен.