«Сапат» лицейинин президентинин дайынсыз болуп жатышы. Түркиянын элчилигинин алдында митинг өтүп жатат

Бүгүн, 1-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтүүдө. Чогулгандар «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылып жатышат.

Элчиликтин алдына 50дөн ашуун адам чогулду. Алар «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү, окуучулары алардын жана ата-энелери экенин айтышты.