«Сапат» «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөнү боюнча билдирүү таратты

Буга чейин Министрлер кабинети маалымат таратып, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагы “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөнүн билдирген.

«Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде. Эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгү кепилденет”, — деп айтылган маалыматта.

“Сапат” билим берүү мекемелер тармагы социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырды. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду. “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөбүз.

Өлкөбүздүн жана жаштарыбыздын келечеги сапаттуу билим менен өнүгө турганына терең ишенген билим берүүчүлөр катары 32 жылдык эбегейсиз эмгектин мөмөсү болгон мектептерибиздин сапатынын үзгүлтүксүз улануусу негизги тилегибиз. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы жамаатын эч кандай провокацияга алдырбастан, сабырдуулук менен окуучуларыбыздын билим алуу процессин үзгүлтүккө учуратпай өз ишин улантууларына чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.