Сапаттуу үрөн өндүрүү үчүн бюджеттен 50 миллион сом каралат

Быйыл үрөндүн сапатын жакшыртуу үчүн бюджеттен дыйкандарга 50 миллион сомдук дотация берилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Ошондой эле жыйынында «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

Мындан улам, мамлекет артыкчылык берген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын 30 пайызын төлөп берээри айтылды. Алар;буудай, арпа, кант кызылчасы, пахта, жүгөрү, төө буурчак, беде.

Учурда өлкөдө 109 үрөн чарбасы бар, алардын 11и мамлекетке таандык.