Сары-Челек биосфералык коругунда браконьерлер тарабынан марал өлтүрүлдү (сүрөт)

Сары-Челек биосфералык аймагында браконьерлер маралды өлтүрүшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Туура-Арык тилкесинде мыйзамсыз атылган беш жаштар чамасындагы маралды союп жүргөн топ аныкталган. «Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну экени аныкталган. Жеке текшерүү жана аймакты тинтүү учурунда ок атуучу курал табылган эмес. Материалдык далил катары малдын териси, башы алынган. Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик анын Кызыл китепке киргенин эске салды. Жаныбарга мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн айып 1 миллион сом болсо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлөрүн эскертти.