Сары-Челек көлүнүн көз жоосун алган сүрөттөрү

Экология министрлиги Сары-Челек көлүнүн көз жоосун алган сүрөттөрү менен бөлүштү.

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу деңиз деңгээлинен болжол менен 1900 метр бийиктикте Батыш Тянь-Шандын тереңинде катылган өзгөчө кооз көл. Ар тараптан бийик кырка тоолор менен курчалган ал көк асманды, токойго оролгон тоолорду чагылдырган сөз жеткис кооздукка ээ.