Сары-Челекке бара албай жаттыңыз беле? Сел алып кеткен көпүрөнүн ордуна башкасы орнотулду

Аксы районунда селден жабыркаган Кызыл-Туу айыл аймагынын Кожо-Ата дарыясына убактылуу көпүрө орнотулду. Муну менен Сары-Челек көлүнө баруучу жолдо каттам жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аны менен бирге Жылгын жана Аркыт айылдарындагы ички көпүрө жана жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.