Сасык тумоо менен ооругандардын туу чокусу декабрь айынын соңу, январь айынын башына туура келет

Сасык тумоо менен ооругандардын туу чокусу декабрь айынын соңу, январь айынын башына туура келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, өткөн жумада курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны мурункуга салыштырмалуу 10,3 пайызга азайганы байкалган.

“Жалпысынан сасык тумоого чалдыккан 2430 адам катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе аз. 2019-жылы 4931 бейтап катталган эле” деп жазылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күндө 300 миң адам сасык тумоонун алдын-алууга эмдөө алган.