«Сатуучу, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө». ИИМ улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырды

Ички иштер министрлиги жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырды.

«9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгын белгилөө үчүн өткөрүлүүчү иш-чаралардын катышуучуларынын арасында чагымчылдык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын “Дордой”, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” ири базарларынын жана соода борборлорунун, аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлери, сатуучулары, мындан сырткары 9-майда ɵткɵрүлүүчү «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул багыт боюнча Интернет булактарында ар дайым мониторинг жасалууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптоолору боюнча 3 факты аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүгү (сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу) боюнча жоопкерчиликтин каралгандыгы жана 5500 сом айып салынаары эскертилүүдө.