«Сатып албай тургула!». Мыйзамсыз салынган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 12-декабрга карата башкармалык тарабынан сот органдарына өткөрүлүп берилген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин сунуштады.

«Мамкурулуш агенттиги Кыргыз жарандарын, соттук териштирүү иштери аяктаганга жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоону сунуштайт», — дешти агенттиктен.