«Соода кылган ордубузга төлөмдү көтөрүп салышты». «Ош базарынын» сатуучулары митингге чыгышты (видео)

Бүгүн, 23-июнь күнү «Ош базарында» соода кылган сатуучулар «Берекет универсал» соода борборунун жетекчиси Индира Аблазовага каршы митингге чыгышты.

«Биз «Берекет универсалдан» ордубузду сатып алганбыз. Ага карабай ай сайын бир чарчы метрге 40 сомдон төлөчүбүз. Эми бааны дагы 40 сомго көтөрүп коюшту. Ошондуктан сатуучулар нааразы болуп, Индира Аблазованын жумуштан кетүүсүн талап кылып жатабыз», — дейт нааразы сатуучу.

Андан сырткары орунду ижарага алып иштегендер бир суткада ижара акысын 11 пайызга көтөргөнүн айтышууда. «Мен ижарага айына 2000 сом төлөйм. Бүгүн ижара акыны дагы 800 сомго көтөргөнүн айтышты. Товарларды көпчүлүгүбүз реализацияга алып сатабыз. Кредиттерибиз да бар. Бизге төлөмдү көтөрүп салуу аябай эле оор келип жатат», — дейт нааразыланган сатуучу.