Сауд Арабия 2025-жылдагы ажылык зыярат үчүн Кыргызстанга 6 000 квота бөлдү

Сауд Арабия Кыргызстанга 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Сауд Араб Падышалыгынын ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык зыяраты үчүн Кыргызстанга 6000 квота бөлдү. Учурда ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, кызуу иш алып барууда.