Кечээ, 19-апрелде Сауд Араб Падышалыгынын ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
«Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Араб Падышалыгы чукул маалымат тараткандыктан улам, убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөр башталаарын кабарлайбыз. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт», — деп айтылат маалыматта.
Чет элдиктерге коюлган талаптар:
1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;
2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;
3. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.