Сауд Арабиядагы элчилик зомбулукка кабылган кыргыз аял боюнча үн катты

Сауд Арабиясында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан аялдын видео кайрылуусуна чейин эле анын жашаган жерин көзөмөлдөгөн полиция башкармалыгына расмий кайрылуу жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөнүн элчилигинен билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, видео кайрылуу жасаган Асель Дуванаева Даммам облусуна караштуу Ал-Хамра аймагында жашайт. Элчилик аны менен телефон аркылуу байланышканын белгиледи. Ошондой эле окуянын чоо-жайын билүү максатында 22-23-майда элчиликтин кызматкери полиция башкармалыгына барган жана ал жакка кыргыз аял менен анын жолдошу чакырылган.

«Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз аял менен анын жолдошунун доосун эске алып, полиция тарабынан иш тиешелүү мамлекеттик органдарга териштирүү үчүн жөнөтүлгөн. Иш сотто жактоочулардын катышуусунда каралат. Аял үйүнө кайтуу ниети жок экенин айткандыктан, элчилик Кыргызстандын жарандарынын жана аялдын тааныштарынын жардамы менен маселе чечилгенге чейин убактылуу жашап турганга жай таап берүүгө көмөк көрсөттү. Элчилик жергиликтүү бийлик органдары жана зомбулукка кабылган аял менен байланышта. Аталган маселеге ыйгарым укугуна жараша көз салууда», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Буга чейин жардам сураган аялдын видео кайрылуусун соцтармакка жарыялаган.