Сауд өнүктүрүү фонду Бишкек менен Чүйдө 7 жаңы мектеп, 7 кошумча корпус курат

Бүгүн, 24-февралда Курулуш министрлигинде Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушууда Бишкек шаарына жана Чүй облусуна 7 мектеп куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү.

«Жолугушууда мамлекеттик мектептерди куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууну баштоо маселелери талкууланды. Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү даярдык иштеринин жүрүшүнө канаттандыраарлык баа берип, долбоорду мындан ары да колдоого даяр экендигин билдиришти», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Фаза-2нин алкагында Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана жети мектепке кошумча корпус, ал эми Чүй облусунда эки жаңы мектеп куруу пландалууда.

Буга чейин Фаза-1дин алкагында республика боюнча 28 мектеп жана 2 бала бакча курулган.