Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча тергөө башталды

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча Башкы прокуратура иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу журналисттерге аталган көзөмөл органынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жооптуу адамдарга юридикалык баа берилери айтылды. 

Марат Казакпаев бүгүн, 10-июнда эс-учуна келбей, ооруканада көз жумду. Ал өткөн жылдын апрель айында чыккынчылыкка шектелип кармалган болчу.