Саясатчы Бектур Асановдун апасы көз жумду

Парламенттин мурдагы депутаты, саясатчы жана коомдук ишмер Бектур Асановдун апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Асанов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Мен үчүн эң кымбат алтын апамдан айрылып калдым”, — деп жазды саясатчы.

Бектур Асанов 2000-2005 жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Андан кийин бир канча мамлекеттик агенттиктердин жетекчиси, ошондой эле Кыргызстандын Пакистандагы элчиси, Жалал-Абад облусунун губернатору жана башка бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген. 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2019-жылдын февраль айында шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Соңку президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн.