Депутат Чыңгыз Айдарбеков: «Өлкөдө саясий куугунтук болбошу керек»

Өлкөдө саясий куугунтук болбошу керек. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Айдарбеков бир катар саясатчылардын жана активисттердин кармалышы боюнча өз оюн айтып жатып билдирди.

«Бул маселе боюнча бийлик менен элдин ортосунда түшүнбөстүк бар. Кыргыз эли өнүгүүгө, өсүүгө, адилеттүүлүккө умтулат. Бул жерде менимче бийлик диалогго өтүшү керек окшойт. Диалог аркылуу гана бардык маселелерди чечип, өлкөбүз өнүгүп, гүлдөп-өнүгөт», — деди ал.

Ал бул процесстерди тезинен токтотуу керек деп эсептейт.