Саясатчы Өмүрбек Текебаев суракка күбө катары чакырылды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты. Бирок кайсы иштин алкагында суракка чакырылганы айтылган жок.
«Ата мекен» партиясынын лидери, Кыргызстандын Германиядагы элчиси кечээ, 5-ноябрда Кыргызстанга келген. Эртең, 7-ноябрда партиянын 30 жылдыгы белгиленмек.
23-октябрда ал Кемпир-Абад маселеси боюнча кармоо туура эмес экенин айткан.
Саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева жолдошу мындай мамилеге татыктуу эмес экенин билдирди.