Саясатчы Өмүрбек Текебаев сурактан чыкты

Саясатчы Өмүрбек Текебаев сурактан чыкты. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова маалымдады.

«Өмүрбек Текебаевди ар дайым кыйынчылыкта колдоп жүргөн Асия Сасыкбаева жана Гүлнара Журабаеванын башына мүшкүл иш түшкөндө ал Кыргызстанга келбесе, жигитчилик болмок эмес. 4 күн жумуш эмес күндөрү, мыйзам чегинде колдоп жана жардам берүүгө келген. Кемпир-Абад тууралуу суракка чакырылды», — деп жазды ал.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев суракка күбө катары чакырылды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты. 23-октябрда ал Кемпир-Абад маселеси боюнча кармоо туура эмес экенин айткан.