Саясатчы Равшан Жээнбеков неберелүү болду

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан уулдуу болду. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Сүйүнчү! Бүгүн уулубуз төрөлдү. Абдан толкунданып жатам. Жакшы каалоо-тилектериңиз үчүн рахмат», — деп жазды ал.

Апрель айында саясатчы СЕРЕП МЕДИА агенттигине уулу үйлөнгөнүн айтып, кыз узатуу той ресторанда, ал эми үлпөт той үйдө өткөнүн билдирген эле. Келини Айтурган 23 жашта. Кара-Кулжа районунун кызы.