Саясатчылардын телефондорун тыңшоо. Биринчи Май райондук соту үн катты

Жалпыга маалымдоо каражаттарында тергөөчү судья тарабынан адам укуктары одоно бузулгандыгы тууралуу маалыматтарга Бишкектин Биринчи Май райондук соту үн катты. Алардын маалыматы боюнча, учурдагы мыйзамга ылайык, судья мыйзамдуу, негиздүү жана объективдүү чечим чыгарган. 

«2020-жылдын октябрь айында болгон баш аламандыктар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү өтүнүчүн берген. Бул өтүнүчтү кароодо ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы жана Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Ал эми сот тарабынан процессуалдык бузуулар болгон жок. Тергөөчү судья атайын иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат сурап ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысынын өтүнүчүн канааттандырды. Тергөөчү судья өз ыйгарым укуктарынын алкагында өтүнүчтү канааттандырды», — деп айтылат маалыматта. 

Клара Сооронкулова ИИМ саясатчыларды тыңшарын, тизмеде 100дөн ашуун адам бар экенин айтып чыккан.