«Сегиз ай мурда бир агамды жоготтук эле. Эми дагы биринен ажырап калдык» дейт маркум Марат Алышпаевдин бир тууган иниси

«Сегиз ай мурда бир агамды жоготтук эле. Эми дагы биринен ажырап калдык». Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин бир тууган иниси Замир Алышпаев билдирди.

«Авам бир туугандарына акыл-насаатын айтып, мамлекеттин казынасына кол салбагыла, бирөөнүн эмгегин жебегиле, уурулук кылбагыла, ушак сүйлөбөгүлө деп көп айтар эле. Агамдын айтканы менен чоңойдук. Сегиз ай мурда Марат агамдын иниси Мурат агам да өтүп кетти. Эми бул агамдан да ажырап калдык. Жаткан жери жайлуу болсун. Авакем, кош», — деди маркумдун бир тууган иниси.

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев өзү иштеп келген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында узатылды. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Ал 74 жашында кечээ, 4-апрелде каза болду.