Сеид Атамбаев атасын көрүп чыкканын, анын абалы оордугун айтты

Сеид Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевди көрүп чыкканын, анын абалы оордугун айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн атамды көрүп чыктым, анын абалы оор. Тамчылатма алууда, бирок абалына караганда ал жардам бербей жатат. Кан басымы өтө ылдый», — деп жазды ал.

Сеид Атамбаевдин айтымында, экс-президенттин абалы тынчсызданууну жаратат деген жактоочулардын сөзү туура. «Ал бизге, балдарына оорусун жашырууга аракет кылууда. Атам кандай адам болбосун, ал өлкөгө көп ишти кылды», — деди ал.