Сеид Атамбаев: «Балдарымдын чоң атасын көрөрү мени аябай кубандырды»

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасынын абактан бошотулганын уккандагы сезимдери менен бөлүштү.

«Мен эртең менен ооруп жаткам. Андан кийин комитетке бардым. Социалдык тармактарга маалыматтар жарыялана баштаганда бул жакка келдим. Бардык туугандар келишти. Биз канча күттүк. Акыйкаттык орноду. Жеңүүнүн сезимдери болуп жатат. Кубанычты сездик. Менин уулдарым анда кичинекей болчу. Азыр чоңойду. Улуусу 15 жашка чыкты. Алардын чоңойгонун көрөт. Менин балдарымдын чоң атасын көрөрү кубандырат»,- деди ал.