Сеид Атамбаев: «Биз өзүбүздүкүн таштабайбыз, Текебаев бул жерде болушу керек болчу»

«Менин кесиптешим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эстеп кетти. Демек, жарандар аны колдошот». Бул тууралуу депутат Сеид Атамбаев жыйында билдирди.

«Атамбаев дипломатиялык жол менен, жайпап айтты. Анын учурунда камоолор болгон болсо, ал ката экенин түшүнүп, ушул убакка чейин кечирим сурап келет. Мындан тышкары, анын тажрыйбасы бар, ал жөн гана кеңеш берди. Ал кеңешти кабыл алабы же жокпу аны өзү билет. Ал жөн гана Кемпир-Абад боюнча чечимди кийинкиге калтыруу керектигин айтты. Менин кесиптешим Текебаевди улуу саясатчы катары баалады. Ал бул жерде болушу керек болчу. Ал жумушун таштап, тарапташтары менен бирге болушу керек эле. А биз өзүбүздүкүн таштабайбыз. Биз дайыма бул жердебиз», — деди ал.