Сеид Атамбаев Камчыбек Ташиев жүктөгөн сүрөттү утурлай: «Менин балдарым сүйүктүү чоң атасы жок чоңоюп жатышат»

Кечээ, 19-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев небереси менен түшкөн жүрөк элжиреткен сүрөтүн жарыялап, «ата-энемдин үйүнө келдим, баары азыр башкача, мени Альмир неберем тосуп алды» деген жазуу калтырган.

Көп өтпөй эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев да уулдарынын сүрөтүн жүктөп, алардын чоң атасы жок өсүп жатканын жазды. «Абдан таасирдүү сүрөт. Камчыбек Ташиев небересин мээрим менен кучактап отурат. Анткени ар бирибиз атабыз, чоң атабыз! Балдарым да сүйүктүү чоң атасы жок чоңоюп жатышат, балким алар анын мээрими, камкордугусуз чоңоюшат. Чынын айтсам, алар да чоң атасын сагынышат», — деп жазды ал.