«Сейил бактагы отургучтарга уктап жатышат». Кыргызстандык Түркиядагы кырсык боюнча айтып берди

6-февралга караган түнү Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан бери да жер силкинүүлөр болуп жатат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы мекендешибиз менен байланыштык. «Жер улам-улам титиреп жатат. Түндө 3 жолу болду. Жарандар мектептерде жатат. Дагы титирейт деп баштыктарыбыз менен даяр турабыз. Жолдор жабык, бир эле ооруканага барчу жол ачык. Мен тааныган же көргөн кыргыздар болгон жок. Кахраманмарашта эки жолу бир нече убакытка жер силкинип турду. Электей элеп салды. Үйдө уктап жатканбыз. Түнкү саат 03:30 чамасы болчу. Баарыбыз көчөгө чуркап чыктык. Жакын жерде сейил бак бар, жарандар отургучтарды материал менен тосуп алышкан, ошол жерде түнөп жатышат», — деди ал.