Сейсмология институтунун директору: «Диванда жаткан эксперттерди эмес, адистерди угуш керек»

Илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Kaktus.media сайтына жер титирөөдөн коркуш керектигин билдирди.

«Кыргызстандын аймагында жер титирөөлөр болгон жана боло берет. Бирок бүгүн түнү саат 00:09да болгон жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон. Ал эми Бишкектин тургундары жана башка аймактардын тургундары сейсмикалык толкундарды сезишти. Биздин аймак үчүн бул нормалдуу көрүнүш. Бирок жеке мага фейк маалыматтардын таратыла баштаганы, айрым тургундардын таптакыр адекваттуу эмес реакциясы туура эмес көрүнүш болду. Кайталанган, андан да күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн деген билдирүү пайда болду. Ал тургай, так убактысы да аталып, адамдар өзүн сактап калууга чакырык жасалды», — деди ал. 

«Кээ бир шектүү булактардан маалымат алып жаткан диванда жаткан эксперттерди эмес, адистерди угуш керек. Негизги жер титирөөдөн кийин афтершоктор болот. Жер титирөө ыктымалдыгы ар дайым бар. Бирок биздин учурда бул абдан аз. Күчтүү жер титирөө болушу үчүн чоң тектоникалык чыңалуулар пайда болушу керек жана бул көп убакытты талап кылат. Азыркы Бишкектин аймагында катуу жер титирөө өтө сейрек болот. Мындан 700 жылдай мурун, 4500 жыл мурун жана 10 миң жыл мурун Бишкектин жанында катуу жер титирөөлөр болгон», — деди башкы сейсмолог.