Сел агызып кеткен аялдын жолдошу Акылбек Жапаровдон каналды ачпай турууну суранды

Бүгүн, 15-июлда Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы сел суусуна агып кеткен жубайын издеп жаткан тургун менен жолукту. Ал жубайын таап алгыча сууну каналдарга ачпай турууну суранды. Жапаров Папан суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүп, сууну кармоо чегине жеткенин айтты.

Кечээ, 14-июлда Ош шаарында жүргөн сел жалпы 5 адамды агызып кеткени маалымдалган. Анын ичинен келин жана анын үч кызынын сөөгү табылды. Учурда бир аял изделип жатат.