Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 5-8 ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел, жер көчкү жүрүшү божомолдонгон аймактардын тизмесин жарыялады:
Чүй облусу:
Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Кемин жана Панфилов райондору
Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору
Нарын облусу:
Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондору
Талас облусу:
Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондору
Жалал-Абад облусу:
Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондору
Ош облусу:
Өзгөн, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Чоң-Алай жана Алай райондорун
Баткен облусу:
Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондору