Сел жүргөн Сопу-Коргон — Терек унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусуна караштуу Алай районунда кечээ, 21-июнь күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Терек айылында сел суулары жүрүп, Кара-Талаа, Сопу-Коргон айылдарынын унаа жолунда сел суулары түшүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жеринде координациялоо иштерин жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, министрликке караштуу мониторинг жүргүзүү департаментинен кызматкерлер иш алып барууда. Селдин кесепетинен Терек айылында 1 турак үйдүн ичине, 12 үйдүн короо-сарайларын, Алтын-Кен тилкесинде 2 турак үйдүн короо сарайын кум шагылга толтурган. Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 7 чакырымынын аралыгында 3 тилкеде сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн, 1 электр мамычасын сел агызып кеткен, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Учурда жеринде 42 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 бульдозер тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Тартылган техниканын жардамында Сопу-Коргон — Терек унаа жолу сел калдыктарынан тазаланып бир тараптуу ачылып кеңейтүү иштери жүрүүдө.