Сел каптаган Ош шаарындагы базарды мэр кыдырып чыкты

Ош шаарында жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы нугунан ашып борбордук базарды каптап кеткен. Ага байланыштуу Ош шаарынын мэри, жарандык коргоонун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өтүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкты.

Борбордук базардын аймагын иретке келтирүү боюнча ӨКМ, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, аймактык башкармалыктын жана коммуналдык кызматтардын кызматкерлери иштеп жатат. Андан сырткары мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды.