Селден жабыркаган Ноокатка азык-түлүк жөнөтүлдү

Кечээ, 28-июнь күнү Ноокат районунда жааган жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кызыл-Кыя шаарынан 20 куткаруучу чыгып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, бүгүн, 29-июнга карата жалпы 22 куткаруучу жумуш алып барууда.
Ал эми сел жүргөн аймактарда жарандарды куткаруу жана коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүүдө. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик менен биргеликте Кызыл-Кыя шаардык ӨКБнүн башчысынын жетекчилигинде сел жүргөн аймактарда жабыркаган жарандарга 2 портер менен азык-түлүк жеткирүүгө жөнөп кетишти.