Селден улам Арстанбап, Кош-Терек айылдарынын тургундары жарыксыз калышты

Кечээ, 23-июлдагы катуу жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында саат 18:00 чамасында катуу сел жүргөн. Селден Арстанбап, Кош-Терек айылынан болжолдуу түрдө 642 керектөөчүнүн электр энергиясы өчкөн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.
Мындан улам 10 кВ Арстанбап фидер аварияга учурап, Базар-Коргон РЭТинин балансында 11, керектөөчүлөрдүн балансында 9 трансформатор жабыркаган. Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери бүгүн, 24-июлда таңкы саат 06:00дөн тартып, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө. Учурда 3 бригада, 4 атайын авто техникалар менен иш алып барууда. Маалыматка ылайык, мамылар жабыр тарткан эмес. Ал эми бак-дарактардын кулап түшүүсүнөн үзүлгөн аба чубалгылар калыбына келтирилүүдө.