Селден улам жабылып калган Мырза-Аке — Кара-Шоро жолунда каттам жанданды

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, убактылуу жабылып калган Мырза-Аке — Кара-Шоро унаа жолунда каттам жанданды.

Тазалоо иштерине “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №5 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган. Тынымсыз жүргөзүлгөн жумуштардын жыйынтыгы менен Мырза-Аке — Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырымдар аралыгы калыбына келтирилип, каттам берилди.