Селекцияда кескиленген келиндин жакыны: «Дагы 4-5 операция керек дешти»

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришип, шектүү кармалганын айтышкан. 

Бүгүн, 21-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берип, абалы орточо оордукта экенин, ага 8 саат операция жасалганын билдиришти. Ишти ИИМ башчысы өз көзөмөлүнө алды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин жакындары коомчулукка кайрылып, операцияга акча топтоп жатышканы маалым болгон. Жакындары менен байланышканыбызда маалыматты тастыктап, алдыда дагы 4-5 операция жасалары, болжолдуу ал операциялар Кыргызстанда эмес, Түркияда жасаларын билдирди. «Кечээ 8 саат операция жасап, кулагы менен мурдун тигишти. Эми дагы операциялар керек болот экен. Акча чогултууну баштадык. Бирок азыр канча акча керек болорун билбейбиз», — деди жакыны.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн: Мбанк: 0500 20 25 93 Гульзат О.

Сүрөттөр келиндин жакындарынын уруксаты менен жарыяланды.