УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге багытталган жашыруун кат боюнча УКМК маалымат берип, шектүүлөр кармалганын билдирди.
Текшерүүнүн алкагында, чогултулган материалдардын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, башкача айтканда, адамды же анын жакындарын өлтүрүүгө даярдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн натыйжасында мурда эки жолу соттолгон, аскердик учкуч билими бар, кийин ооган чек арасында чектелген аскердик контингенттин курамында кызмат өтөп, аскердик тажрыйба жана конспирация көндүмдөрүнө ээ болгон Кыргыз жараны Ж.А.С. аныкталган. Ошол эле учурда 1994-жылдан тартып Ж.А.С. Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тергөө-оперативдүү тобу тарабынан анын жогоруда аталган анонимдүү коркутуу каттын автору экендиги аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал узак убакыт бою жогоруда белгиленген акцияга даярдык көрүү жана өзгөчө оор кылмыш жасоого катыштыгын жашыруу үчүн атайын шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды пландаштырганы аныкталды. Ал коркутуу максатында Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине киши өлтүрүү коркунучу бар электрондук форматтагы анонимдүү катты даярдап, андан соң ал катты флеш-картага жазып конвертке салып жиберген.
Ж.А.С. өздүк маалыматтарын жашыруун сактоо максатында, белгилүү жашаган жери жок Б.М.М. аттуу адамды ишке тарткан. Ал азык-түлүк түрүндөгү сый акы үчүн жашыруун катты камтыган конвертти УКМКнын Коомдук кабылдамасына жеткирген. Ж.А.С. кармалып, ага жогорудагы кылмыш боюнча айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленди.
Кылмыш ишинин алкагында коркутуулар жазылган жашыруун кат даярдалып жаткан компьютерлер, конвертке мөөр басылган сүргүчтүн үлгүлөрү алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана аны жасоонун себептерин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттердин атайын кызматтарына жана деструктивдүү күчтөргө Ж.А.С. тиешеси бар экендиги аныкталды, алардын чоо-жайы тергөөнүн тартибине ылайык сыр бойдон сакталат.