Семичке чагууга болбойт! Сулайман-Тоого чыгууда бир катар тыюу салуу киргизилди

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Музей комплекстин аймагындагы буга чейин пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, полимер пленкасынан жасалган пакеттерде кытырак картошка, кытырак нан, күнкарама жана башка саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.