«Сен эч нерсе кыла албайсың». Садыр Жапаровдун уулу журналист менен кайым айтышканы маалымдалууда

Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров Инстаграмдагы баракчасында журналисттерди сындап баштады. Бул тууралуу Канат Каниметов Фейсбуктагы баракчасына өлкө башчынын баласынын комментарий калтырган скриншоту менен пост жарыялады.

«Сен эч нерсе кыла албайсың, сенин оюң маанилүү эмес. Биз элди угуп жатабыз, эл чечсин, кайсы бир “Апрель” менен Каниметов эмес«, – деп жазган Рустам Жапаров. 

Канат Каниметов президентти уулу менен сүйлөшүүнү суранды. «Менин оюмча, ал өзүн мындай алып жүрбөшү керек. Ал президенттин уулу жана расмий эмес рычагдары көп. Анын тегерегинде кызмат кылууга даяр тургандар да көп. Оппозициялык маалымат каражаттары демократиянын ажырагыс бөлүгү. Муну Рустам түшүнүп, кабыл алышы керек. Биз сиздин жана сиздин үй-бүлөңүздүн душманы эмеспиз”, — деп жазды каналдын кабарчысы.

Ал ошондой эле «24.кж» сайтынын журналистинин Инстаграм баракчасын жарыялап, аны тыңчылык кылып жатат деди. «Журналист тымызын тыңчылык кылат. Менин баракчамда кызыктуу эч нерсе жок: мен саат тагынбайм, унаалардын сүрөтүн жүктөбөйм, баягы эле жерде жашайм», — деп жазды өлкө башчынын уулу. 

Ал эми президенттик аппарат бул аккаунтту өлкө башчынын уулу өзү колдонобу же жокпу маалымат берише элек.