Сентябрь айынан бери 2 миңдей окуучу коронавирус жуктуруп алган

Калктын басымдуу бөлүгү коронавирус илдетин башынан өткөрүштү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк коронавируска чалдыгып, андан айыкканы үчүн ноябрь айынын орто ченинен тартып ооруну жуктургандардын саны да азаюуда.

Министр балдардын мектепте окуусу чоң маселе бойдон калып жатканын айтты. “Сентябрь айынан тарта 2 миңге жакын окуучу коронавируска чалдыккан. Бирок анын ичинен 1 гана окуучу мектепке келип жуктуруп алганы аныкталган. Балдардын арасында аталган оорудан каза болгондор жок”, — деди ал.