Сентябрь айынан бери 5 окуучу кош бойлуу болуп калган

Окуучу кыздардын арасында мыйзамсыз бойдон алдыруулар көбөйүүдө. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин базарларына жакын жайгашкан менчик гинекологиялык кабинеттерде жашы жете электер мыйзамсыз бойдон алдырып келишет.

«Айрым кыздар аборт жасатуу үчүн айылдардан бери келишет. Бул алардын ден-соолугу жана келечеги жөнүндө маселе. Балким, мектептердеги адеп сабагын улантып, аларга жыныстык сабаттуулукту үйрөтүшүбүз керектир», – деди ал.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуу жылынын башынан бери беш окуучу кыз кош бойлуу болуп калган.