СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин кабарчысына төрага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана журналистика тармагында эмгектенген ардагерлер менен жолугушту.

Жолугушууда сөз эркиндигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүндө журналисттердин ролу жогору экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Сиздер маалымат гана таратуу чектелбей, коомду агартуучу милдетти да аркалайсыздар. Мамлекетибиздин өнүгүшүндө салымыңар менен катар жоопкерчилигиңер да чоң”, – деди.

Майрамдык иш-чаранын алкагында айрым ЖМК өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин кабарчысы Эдита Ильясовага Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн деп Ардак грамота тапшырды. Ошондой эле SuperTV телеканалынын журналисттери Тахмина Кенжебек кызы менен Айдай Амантурова белек алышты.

Иш-чарада журналисттер да сөз сүйлөп, сөз эркиндигинин учурдагы абалына байланышкан пикирлерин бөлүштү.